Бишкек, 13-ноябрь. /Кабар/. Кыргызстандагы Кочкор районунун Кум-Дөбө аймагында жайгашкан, жергиликтүү тургундар арасында “Төрт-Күл” деген ат менен белгилүү Кочкор-Башы шаар калдыгында археологиялык изилдөөлөр уланууда.
Бул жерден XI кылымга таандык коомдук мончо, орто кылымдардагы өндүрүш устаканасы, карапа буюмдары, тыйындар жана металл иштетүүнүн издери табылган. Табылгалар Ички Теңир-Тоодо көчмөн мал чарбачылыгы менен катар отурукташкан жашоо образы жана кол өнөрчүлүк да өнүккөнүн көрсөтөт.
Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин археология, этнология жана аймак таануу кафедрасынын доценти, археолог Орозбек Солтобаев жана Тарыхый-маданий мурастар бөлүмүнүн башчысы Айжан Самыйбекова билдиришти.

Орозбек Солтобаевдин айтымында, Кочкор айылынын жанынан VIII–IX кылымдарга таандык байыркы кыргыз руникалык жазуулары табылган. Алар аймактын тарыхый географиясын изилдөөдө өзгөчө мааниге ээ. Атап айтканда, жазма булактарда “Ярыш” жана “Кочкор” деген жер-суу аттары кездешет. Алардын маанисин чечмелөө бул аймактын тарыхын тереңирээк изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле жазууларда ошол мезгилдеги башкаруучунун ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар камтылган. Илим чөйрөсүнө белгилүү XI кылымга таандык жер алдындагы күмбөздөр да өзгөчө кызыгууну жаратат.
Аймактын тарыхы тууралуу маалыматтар жазма булактарда да сакталып калган. Атап айтканда, ал Махмуд Кашгаринин “Диван лугат ат-түрк” эмгегинде жана перс элинин “Шахнаме” эпосунда эскерилет.
Быйыл май айында тарыхый жайга Израилдин Хайфа жана Тель-Авив университеттеринин делегациясы келген. Келерки жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Израилдин жогорку окуу жайларынын биргелешкен изилдөөлөрүн жүргүзүү пландалууда.

Жылытуу системасы бар коомдук мончо табылды
Маанилүү табылгалардын бири — XI кылымга таандык коомдук мончо. Археологиялык жай 2024-жылы табылып, андагы казуу жана изилдөө иштерине Орозбек Солтобаев жетекчилик кылып келет.
Окумуштуунун айтымында, жердин үстүнөн курулуштун бар экенин көрсөткөн эч кандай көрүнүктүү белги байкалган эмес. Казуу учурунда археологдор мончонун ваннасы бар бөлүгүн таап, андан соң аны катмар-катмары менен изилдөөгө киришкен.
Изилдөөнүн натыйжасында кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, буу бөлмөсү, жуунуучу жай жана жылытуу системасы аныкталган. Полдун астында жылуулук өткөрүү үчүн колдонулган керамикалык түтүктөр сакталып калган. Ошондой эле имараттын көтөрүүчү дубалдарын бойлой да жылытуу системасы жүргүзүлгөн.

Мончонун курулушунда алебастр, акиташ, бышкан кыш жана таш колдонулган. Ички бөлмөлөрүнүн дубалдарына суу өткөрбөөчү шыбак бир нече катмар кылып сүртүлгөн. Айрым жерлеринде ал 8-9 катмарга чейин жетет.
Археологиялык казуулар учурунда табылган тыйындар имараттын XI кылымга таандык экенин тастыктайт. Алардын арасында 1006 жана 1054-жылдары чыгарылган тыйындар бар.
"Коомдук мончонун табылышы Ички Теңир-Тоонун тарыхы көчмөн жашоо образы менен гана чектелбегенин көрсөтүп турат. Көчмөндөр менен катар калктын бир бөлүгү отурукташкан жашоо образын да жүргүзгөн", — деди окумуштуу.
Археолог табылган мончонун Ош аймагынан, Фергана өрөөнүнөн, Бухара жана Самарканд шаарларынан табылган коомдук мончолорго окшоштугуна да көңүл бурду. Бул аймактардагы ушул сыяктуу тарыхый жайлар XI–XIII кылымдарга таандык.
Окумуштуунун пикиринде, мындай табылгалар аймактардын ортосунда экономикалык жана маданий байланыштар тыгыз болгонун айгинелейт.

Орто кылымдарга таандык устакана жана металл иштетүүнүн издери
Дагы бир маанилүү табылга — XI кылымга таандык орто кылымдагы өндүрүш устаканасы болду. Археологдун маалыматына караганда, бул жерде карапа жана айнек буюмдары жасалып, металл кендери иштетилген.
"Алгач бул жерде жергиликтүү тургундар көрүстөн же күмбөз болушу мүмкүн деп эсептеген чакан дөңсөө болгон. Анын үстүнөн бышкан кыштын, металлдын сыныктары жана башка археологиялык буюмдар табылгандан кийин бул жерге кызыгуу жаралган. Табылгалар изилденген соң казуу иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынган", — деди ал.
Солтобаевдин айтымында, казуу иштеринин жүрүшүндө бул жай өндүрүш устаканасы катары пайдаланылганы аныкталган. Анда карапа идиштер бышырылып, айнек жана ар кандай буюмдар жасалган. Негизги курулуштун айланасынан таш менен тургузулган бир нече карапа бышыруучу очок табылган. Ошондой эле темир жана жез кендеринин калдыктары, айнектин сыныктары жана башка материалдар табылган.

"Курулуштун таштан тургузулган пайдубалы бар жана формасы конус сымал боз үйгө окшошуп кетет. Ичинен күл, өндүрүш ишмердүүлүгүнүн издери жана түтүндү сыртка чыгарууга арналган мор табылган. Ошондой эле табылгалардын арасында дирхам жана фельс сыяктуу тыйындар көп кездешет", — деди изилдөөчү.
Учурда нумизмат адистер тыйындарды изилдеп, алардын кайсы мезгилге таандык экенин жана тарыхый ордун аныктап жатышат.
Мындан тышкары, археологдор көп сандаган карапа буюмдарын табышкан. Алардын арасында көлөмү бир метрге жакын чоң идиштер, оймо-чиймелер, гүл сымал кооздуктар түшүрүлгөн жана кооздук катмары менен капталган буюмдар бар. Айрымдары жылмаланган карапа буюмдарына кирет.

Ошондой эле күмүш, алтын, жез жана темир иштетилгенин тастыкташы мүмкүн болгон материалдар менен издер табылган. Солтобаевдин айтымында, бул табылгалар шаар чалдыбарында кол өнөрчүлүк өндүрүшү өнүккөнүн көрсөтөт.
Азырынча тарыхый эстеликтин чакан бөлүгү гана изилденген. Мындан аркы казуу иштери байыркы мезгилде бул аймакта жашаган калктын чарбалык ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат алууга мүмкүндүк берет.
Эстеликти мамлекеттин коргоосуна алуу пландалууда
Изилдөөчүлөр табылган объектилерди сактап калууга да өзгөчө көңүл бурушууда. Орозбек Солтобаевдин айтымында, ал кыш мезгили башталганга чейин өндүрүш устаканасын коргоо чараларын көрүү өтүнүчү менен Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине кайрылган.

Жакынкы күндөрү суук түшүп, температуранын кескин өзгөрүшүнөн улам эстелик бузулуп кетпеши үчүн аны колдо бар каражаттар менен убактылуу консервациялоо пландалууда. Кийин адистер изилдөө иштерин улантып, лабораториялык жана радиокөмүртектүү талдоолорду жүргүзүүнү, ошондой эле эстеликти музейлештирүү мүмкүнчүлүгүн кароону көздөшүүдө.
Өз кезегинде, Тарыхый-маданий мурастар бөлүмүнүн башчысы Айжан Самыйбекова республикалык маанидеги Кочкор-Башы шаар чалдыбарынын аймагында археологиялык изилдөөлөр улантыларын билдирди. Казуу иштеринин жүрүшүндө табылган мончо менен мешти коргоого алуу пландалууда.
Анын айтымында, археологиялык казуу иштерин жүргүзүү 2023-жылы бекитилген “Байыркы тарыхтын сырлары” мамлекеттик программасында каралган. Тарыхый объектилер табылгандан кийин аларды сактоо жана изилдөө иштерин улантуу пландалууда.