Бюджеттин эсебинен салынды: Кочкордо 500 орундуу мектеп ачылат

Аймак 28 август 2026 11:50
787021417_1575631427369234_4453528953381338798_n.jpg
789213877_1575631644035879_7899876859585694705_n.jpg
787409598_1575631590702551_7805753579798182965_n.jpg
787556807_1575631657369211_8231253024502631332_n.jpg
785599996_1575631457369231_3477423304998613390_n.jpg
787941984_1575631547369222_3968730464443787354_n.jpg
786656878_1575631450702565_2974896534816812966_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. Кочкор районундагы Кочкор айылында 500 орундуу И. Арабаев атындагы жаңы мектеп курулду.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Мектептин курулушу 2023-жылдын октябрь айында башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери толугу менен аяктап, жаңы окуу жылында пайдаланууга берүүгө даярдалды.

"Жаңы мектеп үч кабаттуу заманбап үлгүдө курулуп, жалпы аянты 4136 чарчы метрди түзөт. Билим берүү мекемесинде окуу класстарынан тышкары лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, эмгек кабинети, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы жана бардык шарттары бар спорт залы каралган",-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, мектептин аймагында футбол, волейбол, баскетбол үчүн жана машыгуу аянтчалары курулду.