Кочкордо жаңы автобекеттин курулушу дээрлик аяктап калды

Аймак
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Кочкор районунда жалпы аянты 14 миң 469 чарчы метрди түзгөн жаңы автобекет курулууда.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 395 млн сомду түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын январь айында башталган.

"Автобекет эки кабаттуу, заманбап үлгүдө курулууда. Имаратта жүргүнчүлөр үчүн күтүү залы, административдик бөлмөлөр жана экинчи кабатта мейманкана каралган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда негизги курулуш иштери дээрлик аяктап, алдыда аймактын сырткы бөлүгүнө асфальт төшөө иштери жүргүзүлөт.