Бишкектеги жаңы автобекет ушул айда пайдаланууга берилет

Коом 3 сентябрь 2026 21:05
copyright icon Президенттин Иш башкармалыгы

Бишкек, 03.09.26. /Кабар/. Бишкектеги жаңы автобекет ушул айда пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-сентябрда президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев жаңы заманбап автобекеттин курулуш иштеринин жүрүшү жана объекттин даярдыгы менен таанышты.

Учурда объекттеги курулуш иштеринин 95%ы аткарылды. Ички жасалгалоо иштери толук көлөмдө аяктады. Асфальт төшөө жана инфраструктураны көрктөндүрүү иштери гана калды.

Жаңы автобекетте жарандар үчүн бардык зарыл болгон ыңгайлуу шарттар каралган. Анын аймагында соода түйүндөрү, аялдамалар, унаа токтотуучу жайлар уюштурулат.

Объекттин жалпы аянты 30 миң чарчы метр болсо, ал эми автобекет салынган жер тилкесинин жалпы аянты 16 гектарды түзөт. Жаңы заманбап автобекет Кыргызстандын жарандарына, ошондой эле өлкөдөн келген конокторго кызмат көрсөтүп, алар үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылат.

Каныбек Туманбаев подряддык компанияга алдыда боло турган расмий ачылышка даярдык көрүп, калган бардык иштерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүп, алардын сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу керектигин белгиледи.

“Объектини өз убагында бүткөрүү менен гана чектелбестен, бул жерде жарандар үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүү маанилүү. Адамдар автобекетте болгон учурда эч кандай ыңгайсыздык жаралбашы керек. Бул жерде алардын ыңгайлуулугу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүүгө тийиш”, — деди Каныбек Туманбаев.

Мындан тышкары, подряддык компанияга калган курулуш жана көрктөндүрүү иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүп, объектти расмий ачылышка толук даярдоо тапшырылды.