Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районунда заманбап автобекеттин курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Долбоор өткөн жылы башталып, ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.
Жаңы автобекет ишке кирсе, райондун борбордук көчөлөрүндөгү унаалардын башаламан кыймылы жөнгө салынат. Бүгүнкү күндө ички жана тышкы каттамдарда иштеген таксилердин баары жаңы бекеттин аймагына киргизилет.
Курулуш объектисинин башчысы (прораб) Аралбек Осмоновдун айтымында, автобекеттин жалпы аянты дээрлик 2 гектарды түзөт. Ал эми негизги имараттын аянты 2 миң чарчы метрди ээлейт.
“Автобекет эки кабаттан турат. Биринчи кабатта кызматкерлер үчүн бардык шарттар каралган. Экинчи кабатта жатакана жайгашып, ал алыстан келген жүргүнчүлөргө жана туристтерге кызмат көрсөтөт. Мындан тышкары, бекеттин аймагында автобокстор курулуп жатат. Ал жерде унааларды жууп, техникалык кароодон өткөрүп, оңдоо иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болот. Жаңы бекет өлкөнүн бардык багыттарын — түндүк-түштүк каттамдарын камтыйт”, — деди ал.
Долбоорду ишке ашырууга мамлекеттик бюджеттен 395 млн сом бөлүнгөн.