Түптө 128 соцобъект курулуп, пайдаланууга берилген

Аймак
Түптө 128 соцобъект курулуп, пайдаланууга берилген

Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Түп районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор, өнөр жай, айыл чарба жана туризм тармактарынын өнүгүшү, ошондой эле мындан аркы өнүгүү келечеги менен таанышты.

Анда маалымдалгандай, 5 жыл аралыгында райондо мектептерди, бала бакчаларды, медициналык мекемелерди жана спорттук объектилерди камтыган 128 социалдык объект курулуп, пайдаланууга берилген. Жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча да олуттуу иштер жүргүзүлүп, 193,5 чакырым жол асфальтталган.