Жайыл районунда 1 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды

Аймак 17 Июль 2025 14:28
521303423_774209475265287_2145509410959938272_n.jpg
518312807_774209461931955_2896495407961992104_n.jpg
519406296_774209465265288_1810311265511996527_n.jpg
520127774_774209471931954_3659707290057035953_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы

Бишкек, 17.07.25 /Кабар/. Жайыл районунда 1 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Күн мурун райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан "Кара-Куурай" иш-чарасы өткөрүлдү. Анда милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу максатында иш алып барышты.

Иш-чаранын алкагында райондун аймагындагы кара куурай өскөн жерлер аныкталып, 1 тоннадан ашык жапайы кара куурай жок кылынды.

Ошондой эле милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга баңгизат камтыган өсүмдүктөрдү өстүрүүгө жана колдонууга тыюу салынганын түшүндүрүштү.