Бишкек, 14.08.25. /Кабар/. Жайыл психоневрологиялык стационардык мекемесине гуманитардык жардам берилди. Бул туурауу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, колдоо «Эл-Ди-Эс Черитиз» коомдук кайрымдуулук фондунун Кыргызстандагы координатору Алия Гомерсалдын демилгеси жана фонддун директору Дмитрий Витальевич Цайдын колдоосу менен, өз каражаттарынын эсебинен көрсөтүлдү.
Жардам социалдык стационардык мекемелердин кызмат алуучуларынын социалдык-тиричилик тейлөөсүн камсыздоого багытталган.
Эмгек министрлиги өнөктөштөргө социалдык стационардык мекемелерде жашаган жарандардын жашоо шарттарын жана камкордугун жакшыртууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирет.