Жайыл баатыр көчөсүнө 83 акация көчөтү отургузулду

Коом 23 июль 2026 18:20
1784795927.jpeg
1784795917.jpeg
1784795933.jpeg
1784795938.jpeg
1784795948.jpeg
Алдыга
Артка
1784795927.jpeg
1784795917.jpeg
1784795933.jpeg
1784795938.jpeg
1784795948.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Бишкектеги Жайыл баатыр көчөсүнүн Чортокев көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки тилкесинде жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча комплекстүү иштер жүргүзүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган көчөнүн  бөлүүчү тилкесинде даярдык иштери аткарылып, жер кыртышы төмөндөтүлүп, көчөттөрдү талаптагыдай сугарууну камсыз кылган заманбап сугат системасы орнотулду.

Бүгүнкү күндө жабык тамыр системалуу  83 даана ири көлөмдөгү штамбдуу акация көчөттөрү отургузулду.

Мындан ары бул тилкеде газон төшөө, бир жылдык гүлдөрдү отургузуу жана аймакты көрктөндүрүү боюнча кошумча иштерди жүргүзүү пландалууда.