Жайкы эс алуу — баланын өнүгүшүнө салым кошчу учур. Каникулда баланы кайда жиберсе болот?

Коом Загрузка... 05 Июнь 2025 19:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Жай мезгили – балдар чыдамсыздык менен күтүп келген, узак эс алуу мезгили. Балдар үчүн бул – оюн, саякат жана жаңы таасирлердин учуру болсо, ата-энелер үчүн — “баламдын эс алуусу пайдалуу өтүшү үчүн эмне кылсам болот?” деген суроо пайда боло турган учур. Алдыда “Кабар” агенттиги жайкы каникулду мазмундуу жана коопсуз өткөрүүнүн бир нече жолун сунуштайт.

Балдардын саны өсүүдө

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, учурда өлкөдө 18 жашка чейинки курактагы балдардын саны 2 млн 715 миңге жетип, былтыркыга салыштырмалуу 23 миңге көбөйгөн. Бул — ата-эне, мектеп, коомчулук үчүн чоң жоопкерчилик экендигинен кабар берет.

Ар бир бала уникалдуу болгондуктан, каникулду пландоодо алардын кызыкчылыктары, жөндөмдөрү, мүнөзү сөзсүз эске алынышы керек.

Лагерь – эс алуу менен бирге тарбия

Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаментинин маалыматына ылайык, борбор калаада 46 мектепте жайкы лагерлер ачылып, алар 2–27-июнь аралыгында иш алып барат.

Бул лагерлер күн сайын 08:00дөн 14:00гө чейин иштейт жана балдарга эртең мененки жана түшкү тамак берилет. Маалыматта жлпы 4450 бала катышаары белгиленет.

Андагы райондук бөлүштүрүү төмөндөгүдөй:

Ленин району – 11 мектеп, 1200 бала;

Свердлов району – 20 мектеп, 1570 бала;

Биринчи Май району – 5 мектеп, 750 бала;

Октябрь району – 10 мектеп, 900 бала.

Ар кандай багыттагы жеке менчик лагерлер

Мындан сырткары, ар кандай багыттагы жеке менчик лагерлер да жетиштүү. Мисалы, этно лагерлерде балдар улуттук ар кандай оюндар, жөрөлгөлөр менен тааанышып, улуттук баалуулуктар, каада-салттар аркылуу таалим-тарбия алышат. Жеке менчик мектептердин лагерлери да окуучуларга заманбап мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.

Өнүгүү борборлору — жөн гана эс алуу эмес, билимге карай кадам

Азыркы заман – ааламдашуу менен коштолгон, санариптик технологиялар тездик менен өнүгүп жаткан доор болгондуктан, балдардын интеллектуалдык жана чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган жайкы курстар да популярдуу болууда.

Мисалы:

IT, программалоо, робототехника;

Чет тилдер;

Оратордук чеберчилик;

Сүрөт, керамика, бий, шахмат;

Спорт секциялары (сууда сүзүү, күрөш, футбол ж.б.).

Бул ийримдерде бала жаңы билим алып гана тим болбостон, коопсуз чөйрөдө болот жана жаңы досторду табат.

Китепкана — тынчтык менен таалимдин ордосу

Жай айларында мектептен бошогон окуучулар китепканаларга катталып, ар кандай темадагы китептерди окуу аркылуу руханий дүйнөсүн кеңейтүүгө шарт түзүлөт. Китеп окуу — баланын ой-жөндөмүн, дүйнө таанымын жана тил байлыгын өстүргөн мыкты курал.

Үй-бүлөлүк эс алуу — жүрөктөн орун алган эскерүүлөр

Ата-эне менен баланын чогуу өткөргөн убактысы абдан баалуу. Үй-бүлө менен тарыхый, маданий объектилерге саякат, жаратылышта — көлдө, тоодо, жайлоодо эс алуу — өмүр бою баланын эсинде калат.

Айылдагы турмуш мектеби

Баланы чоң ата, чоң энесине же башка айылда жашаган туугандарга жиберүү дагы жакшы мүмкүнчүлүк. Бул — табият менен байланышуу, айыл турмушу менен таанышуу, эмгекти баалоону үйрөнүү дегенди билдирет.

Жайкы каникул — жөн гана эс алуу эмес. Бул — баланын өзүн таанып, жаңы нерселерди үйрөнө турган, көз карашы кеңейе турган кымбат учур.

Эң башкысы — бала кайда болбосун, анын коопсуздугу, кызыкчылыктары эске алынгандай шарт түзүлүшү зарыл.