Жайкы Бишкек: "Ынтымак-2" паркында жандуу музыка жаңырды

Маданият Загрузка... 13 Июль 2026 09:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. 10-11-июлда "Ынтымак-2" сейил багынын амфитеатрында кезектеги ачык асман алдындагы музыкалык кечелер өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эки күндүк программа шаар тургундарына жана конокторуна жандуу музыканын коштоосунда жагымдуу маанай тартуулады.

10-июлда КР эл артисти Замира Мавлянованын жетекчилиги астындагы "Belcanto" музыкалык-билим берүү комплексинин жамааты жана таланттуу окуучулары ар кыл жанрдагы классикалык жана заманбап чыгармаларды аткарышты.

11-июлда "Мыкан" маданият үйүнүн "Ырыс – Ынтымак" ансамбли жана эстрада ырчылары элдик өнөрдү тартуулап, көрүүчүлөрдүн кубаттоосуна татышты.

"Аталган маданий долбоор июнь айында "Ала-Тоо" аянтында ийгиликтүү башталган. Июль айы ичинде мындай ачык асман алдындагы концерттер борбор калаанын башка сейил бактарында да улантылып, шаардыктардын үй-бүлөлүк эс алуусуна шарт түзөт",-деп айтылат маалыматта.