Министр: Энергетика тармагындагы бүгүнкү абал бир күндө пайда болгон жок

Коом Загрузка... 21 Июль 2026 15:10
WhatsApp Image 2026-07-21 at 14.55.06.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.07.26. /Кабар/. Энергетика тармагындагы бүгүнкү абал кечээ, бүгүн же эки жылда эле пайда болгон эмес, бул жагдайга өлкө көп жылдардын ичинде келип жетти. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, электр энергиясына болгон жогорку жүктөм учурда тармактын реалдуу абалын ачык көрсөтүп жатат.

“Жабдууларды жаңылоо иштери акырындык менен жүргүзүлүп келгени менен ири инфраструктуралык маселелер толук чечилбей келген. Биз мүмкүнчүлүккө жараша трансформаторлорду, чубалгыларды алмаштыруу иштерин жүргүзүп келдик. Бирок, Бишкек шаарын электр энергиясы менен камсыздаган негизги аба чубалгыларын толук жаңылоого же алардын кубаттуулугун жогорулатууга шарт болгон эмес. Ошондуктан бүгүнкү күндө ушундай абалга келип жеттик. Азыркы кырдаалдан чыгуу боюнча президент Садыр Жапаровго тиешелүү сунуштарыбызды бердик”, - деди Рысбеков.

Ошондой эле ал энергетика тармагындагы жабдуулардын 60–70 пайызы эскиргенин белгилеп, бул маселени чечүү үчүн системалуу жаңылоо иштерин жүргүзүү зарылдыгын кошумчалады.