Өзгөндүн Эркин-Тоо айылындагы мектеп 37 млн сомго капиталдык оңдоодон өтүүдө

Аймак 19 Март 2025 09:53
484490753_1156069272658787_4810983891741015768_n.jpg
480267468_1156069282658786_1811250610469026731_n.jpg
480462144_1156069375992110_148183795073651318_n.jpg
480479465_1156069225992125_3800618340978806042_n.jpg
480628327_1156069412658773_5368901681094058751_n.jpg
480860971_1156069319325449_6927629896046602115_n.jpg
480940781_1156069455992102_4993917805575468405_n.jpg
481332466_1156069369325444_2644920803464332469_n.jpg
482247689_1156069435992104_4868415023389357558_n.jpg
483586869_1156069329325448_5554910929461858525_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Өзгөн районуна караштуу Эркин-Тоо айылындагы мектеп 37 млн сомго капиталдык оңдоодон өтүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштери окуучулар жана мугалимдер үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү максатында жүргүзүлүүдө.

Жумуштардын жалпы наркы 37 миллион сомду түзөт. Оңдоо иштеринин алкагында мектептин чатыры жана терезелери толугу менен жаңыланат, жылуулук системасы модернизацияланат, ашкана капиталдык оңдолот.

Мындан тышкары, имараттын сырткы фасады жаңыланып, ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Капиталдык оңдоо иштерин бүткөрүү жана мектепти окуучулар үчүн ачуу быйылкы жылга пландаштырылган.