Өзгөндө жылына 15 млн карп-сазан чабактарын чыгаруучу инкубациялык цех ачылды

Аймак 28 май 2025 17:10
fc3c3b12-e7a4-4e05-9357-947ba9159bc0 (1).jpg
dcdbf7f2-3e11-47d1-8881-1718e95b9b2a.jpg
c506e4be-acb1-4a7b-bdc6-5f251b7f2400.jpg
af3688f2-636d-4213-9868-2eefc436769d.jpg
a1e577d5-140f-4db8-be7a-77e8bf875deb.jpg
87765b6c-2d84-4bd4-8814-cef68e16334b.jpg
393f9b7d-f6e9-47e8-ab9a-02d38e94b24f.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 28.05.25. /Кабар/. Балык өнөр жай комплекси департаментине караштуу «Кыргыз балыгы» мамлекеттик ишканасынын Өзгөн филиалында чөп менен азыктануучу балык түрлөрүн жана карпты жасалма көбөйтүү үчүн инкубациялык цех ачылды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага министр Бакыт Төрөбаев катышты.

"Долбоордун максаты – аквакультураны туруктуу өнүктүрүү, балык багуунун көлөмүн жогорулатуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана айыл жергесинде калкка жумуш орундарын түзүү", - деп билдирди Бакыт Төрөбаев.

Инкубациялык цех жылына 15 млн даана карп-сазан жана жылуу сууда өсүүчү балык чабактарын чыгарууга мүмкүнчүлүгүнө ээ. Долбоордун наркы 9 млн сомду түзөт.

Бул долбоор Түркиянын Кызматташтык жана координациялоо агенттигинин (TİKA) колдоосу менен ишке ашырылып, табигый шарттарга жакын кырдаалда балыкты жасалма көбөйтүү жана инкубациялоо боюнча заманбап технологияларды киргизүүгө багытталган.