Бишкек, 14.10.25. /Кабар/. Өзгөн районуна караштуу Алга айылында курулуп жаткан 90 орундуу жаңы бала бакча жыл аягына чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор Турак жай жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттен кажыланууда. Объекттин наркы 68 млн сомду түзөт.
Бала бакчанын жалпы аянты 1867 чарчы метр, эки кабаттан турат. Заманбап талаптардын негизинде курулуш иштери "Мастер-Строй-Сервис и Ко" ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Белгиленгендей, объекттин курулушу 2024-жылы башталган.