Бишкек, 09.10.2025. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Зергер айыл өкмөтүнүн Аюу-Сай айылында табигый кырсыктардын алдын алуу максатында тектирлеп түшүрүү инженердик ыкмасы колдонулууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Долбоорлорду ишке ашыруу башкармалыгынын жер көчкүнүн геотехникалык мониторинги боюнча адиси Марат Аблазизов билдирди.

Анын айтымында, табигый кырсыктын алдын алып адам өмүрүн жана материалдык баалуулуктарды сактап калууда бирден-бир натыйжалуу бул ыкма Борбор Азияда биринчилерден болуп Кыргызстанда ишке ашууда.
“Бул биздин пилоттук долбоор. Долбоор 2023-жылдын август айында башталган жана үч жыл ичинде аяктоо пландалган. Учурда негизги курулуш иштери бүткөрүлүп, жер кыртышын калыбына келтирүү тактап айтканда, топурак төгүү жана жашылдандыруу иштери гана калды. Долбоордун жалпы наркы 185 миллион сомду түзүп, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланды. Курулуш иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Аймактарды коргоо боюнча региондор аралык борбор" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Долбоор аяктаган соң, аталган аймакты ӨКМ көзөмөлдөп турат. GPS технологиясынын жардамы менен алыстан мониторинг жүргүзүлөт. Эгерде 1-2 жыл аралыгында жер көчкү катталбаса, анда курулуш иштерин улантабыз. Эгерде кайра кооптуу кырдаал жаралса, башка коргоо чаралары көрүлөт”, - деди Аблазизов.
Аталган айылдын тургуну Зайнапкан Даниярованын айтымында, айылда жалпы 1 миң 240 киши жашайт. Ал эми 46 үй кооптуу аймакта жайгашкан.

“2017-жылдан бери жер көчкү коркунучу жаралып келет. Күн сайын кооптону менен жашап жатабыз. Башка жакка көчүп кетүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок, каражат жетишсиз. Ошондуктан аргасыздан ушул жерде жашоого туура келип жатат. Эгер бул долбоор ийгиликтүү ишке ашса, айылдын ар бир тургуну үчүн чоң жеңилдик болмок”, — деди Зайнапкан Даниярова.