Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Өзгөн районунда 220/110/10 кВ "Исанов" көмөк чордону, 220 кВ жана 110 кВ жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары курулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча (KRED) долбоордун I фазасынын алкагында министрлик тарабынан ишке ашырылууда. Каржылоо Дүйнөлүк банк тарабынан жүргүзүлүүсү күтүлүүдө.
"Учурда долбоордук жана тендердик документтерди даярдоо иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Долбоордун негизги максаты - электр энергиясына болгон керектөөнүн жыл сайын өсүшүнө байланыштуу аймактагы электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатуу.