Өзгөндө жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Аймак 29 май 2025 15:55
501784024_1208337510765296_8085639306076144868_n.jpg
501790849_1208337590765288_4576831534286713425_n.jpg
501125313_1208337530765294_2958012679377944166_n.jpg
502609540_1208337347431979_3752107027832894773_n.jpg
501750093_1208337417431972_5039142609270279471_n.jpg
500248894_1208337454098635_4557255003096285540_n.jpg
501056778_1208337480765299_5938637886143525490_n.jpg
500735594_1208337520765295_398466790887602527_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 29.05.25 /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Төөлөс айылында заманбап, жаңы бала бакча пайдаланууга берилди.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, бакчанын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев катышып, жергиликтүү тургундарды бакчанын ачылышы менен куттукташты.

Долбоор боюнча 50 орунга ылайыкталган, эки кабаттуу имарат бардык заманбап шарттар каралган.

Белгилей кетсек, балдар бакчасынын курулушу 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Имараттын жалпы тендердик баасы 26 млн сомду түзүп, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан курулду.