Өзгөндө өз билемдик менен курулуп жаткан цехтердин иши токтотулду

Аймак 01 Июнь 2026 15:10
712724065_1501156731483371_7819820378718252778_n.jpg
710098516_1501156234816754_1882086782474892369_n.jpg
710598264_1501156551483389_8699605780552250379_n.jpg
711407291_1501156738150037_7037625799221808371_n.jpg
712704452_1501156714816706_6547607654041784772_n.jpg
712844771_1501156748150036_5900403439997731386_n.jpg
713329544_1501156544816723_7414088084200124693_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Өзгөн районунда тиешелүү уруксат кагаздары жок, өз билемдик менен курулуп жаткан өндүрүш цехтеринин курулушу токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө Кароол айыл аймагында жайгашкан пластик жана таш өндүрүүчү цехтердин курулуш иштери уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп жатканы аныкталган.

Мындан тышкары, бул объектилер курулуш объектилеринин мамлекеттик реестрине да катталган эмес.

Мындай аракеттер "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" мыйзамдын талаптарын одоно бузуу болуп саналат. Мындан улам мыйзам бузуучуларга эскертүү берилип, жалпы суммасы 200 миң сом айып салынды.

Бардык тиешелүү документтер мыйзам талаптарына ылайык толук таризделгенге чейин курулуш иштери толугу менен токтотулду.