Өзгөндө тропикалык мөмөлөр өстүрүлүүдө: ийгиликтүү органикалык дыйканчылыктын үлгүсү

Аймак Загрузка... 11 Апрель 2025 14:18
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 11.04.25. /Кабар/. Өзгөн районунда аянты 3 гектарды түзгөн заманбап күнөскана ийгиликтүү өнүгүп келе жатат, аны дыйкан Бурул Карыбекова жетектеп келет.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, күнөсканада ар кандай жашылча-жемиштер жана тропикалык мөмө-жемиштер өстүрүлөт. 

Фермердин чарбасынын өзгөчөлүгү — калибрленбеген помидорлорду текке кетирбей, өзүнүн чакан цехинде кайра иштетип, даамдуу жана табигый аджика приправасын чыгарат. Бул — калдыктарды пайдага айлантуунун эң мыкты мисалы.

Кыргызстан жыл сайын 67 миң тоннадан ашык тропикалык мөмө-жемиштерди импорттойт. Бирок Бурул Карыбекова  аларды өзүнүн жеринде өз күчү менен өстүрүүдө. 
Анын тажрыйбасы — бул жергиликтүү демилгелер жана фермерлердин билими импортко болгон көз карандылыкты азайтып, өлкөнү таза, сапаттуу азыктар менен камсыздоого жардам бере аларын көрсөтүп турат.

Карыбекова  жергиликтүү фермерлерди колдоп, өзүбүздүн тропикалык мөмөлөрдү өстүрүп, кайра иштетип, туруктуу жана дени сак келечекти бирге курууга чакырат. 

Чарба тууралуу жана кызматташуу боюнча кеңири маалымат алуу үчүн байланыш телефону: +996 708 320 820