Өзгөндө күрүч таңгактоочу логистикалык борбор курулат

Аймак Загрузка... 09 Август 2025 10:36
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 09.08.25. /Кабар/. Өзгөн районунда күрүч таңгактоочу логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Өзгөндүн Макаренко  айылында курула турган аталган логистикалык борбордун пайдубалына капсула салуу аземине катышты.

Бул логистикалык борбор айыл өкмөттүн балансында болмокчу.

Логистикалык борбордун жалпы аянты  900 м2, долбоордун жалпы сметалык баасы 17 млн  сомду түзүп, курулуш иштерине Ош облусунун өнүктүрүү фондунан 10 млн сом, Өзгөн өнүктүрүү фондунан 5 млн сом, ал эми айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2 млн сом бөлүнгөн.

Андан тышкары,  АРИС программасынын САSА-1000 долбоору аркылуу 6,8 млн сом бөлүнүп, бүгүнкү күндө күрүчтү көлөмүнө жараша бөлүп таңгактоочу заман талабына жооп берген  жабдыктар алынды. Курулуш иштери бүтсө ишке берилет.

Андан сырткары, кластердик чынжырча аркылуу Дүйнөлүк Банк тарабынан 100 млн сом бөлүнүп, ага 5 трактор, 2 жүк ташуучу машина, 4 шалы оруучу комбайн, 1 экскаватор, 1 портер унаасы, 1 дары чачуучу дрон алуу каралып, анын ичинен 1 экскаватор, 4 шалы оруучу комбайн алынып ишке берилди.