Өзгөндө карп балыгынын икрасын инкубациялоочу цех курулат

Аймак 18 Февраль 2025 13:31
raznoobrazie-karpovyx-ryb.jpg
raznoobrazie-karpovyx-ryb.jpg
480003660_18294199168242092_2295399683276865037.original.jpg
479904718_18294199159242092_2292284676867054266.original.jpg
479743882_18294199129242092_5467266511902165047.original.jpg
Алдыга
Артка
raznoobrazie-karpovyx-ryb.jpg
raznoobrazie-karpovyx-ryb.jpg
480003660_18294199168242092_2295399683276865037.original.jpg
479904718_18294199159242092_2292284676867054266.original.jpg
479743882_18294199129242092_5467266511902165047.original.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн балык чарбасында заманбап карп балык улугун инкубациялоочу цехтин пайдубалына капсула салуу аземи болуп өттү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматы боюнча, инкубациялоочу жайдын курулушу толугу менен Түркиянын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттиги тарабынан каржыланат.

Жаш балыктарды көбөйтүүнүн заманбап технологиялары жогорку сапаттагы товардык балыктарды өндүрүүнүн көлөмүн бир топ жогорулатат. Ишкана республиканын түштүк аймагындагы суу биологиялык ресурстарын көбөйтүүгө жана сактоого салым кошот жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылат.

"Инкубациялык ишкананын максаты - келечекте балык жана суу биоресурстарын өндүрүүнү көбөйтүү, бул балык өнөр жайын туруктуу өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргызстандын түштүгүндө гана эмес, башка аймактарда да балыкка болгон суроо-талапты канааттандырууга жөндөмдүү туруктуу жана жогорку өндүрүмдүү балык чарбаларын түзүү болуп саналат.