Өзгөндө “Арсенал” ыкчам алдын алуу иш-чарасы жыйынтыкталды

Аймак Загрузка... 28 Ноябрь 2025 15:12
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош облустук милициясы

Бишкек, 28.11.25 /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында 24-26-ноябрь күндөрү “Арсенал” аттуу ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Ош облусунун милициясынан билдиришкендей, иш-чаранын алкагында курал алып жүрүүгө жана сактоого уруксаты бар жарандардын ок атуучу куралдары текшерүүгө алынды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында куралды каттоо тартибин бузган 2 жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 134-беренесине ылайык 6 миң сомдон айып пул салынды.

Каттоодо турган 3 жаран чет өлкөдө болгондуктан, алардын куралдары сакталган сейфтерге мөөр басылып, убактылуу бекитилди. Мындан тышкары, жараксыз абалга келген 1 курал жана ээси каза болгон 1 курал тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин убактылуу РИИБге өткөрүлүп берилди.

Ош ОИИБи жарандарга эскертет!

Мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок дарыларды жана жарылуучу заттарды ички иштер органдарына өз ыктыяры менен тапшырган жарандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.