Өзгөндө 600 тонналык мөмө-жемиш сактоочу кампа курулат

Аймак 28 май 2025 15:28
1b90421c-659c-4fc6-a8c9-e735d12f2564.jpg
2fa57b0c-57a7-4031-bb7b-667cfa3b8097.jpg
3f6393b9-6814-46b5-9e3e-cf8b2cc99285.jpg
5a544cbe-b19c-48e6-bc17-26191002f9ec.jpg
65ef6ee8-0512-46c4-b5a8-a70268aeb25f.jpg
d5ee1182-47af-4896-96a6-a3d6a672728c.jpg
f61f61de-f262-4567-b5b5-fb7fe1b60874.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 28.05.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун барасы – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Өзгөн районунун Большевик айылында мөмө-жемиш сактоочу соода-логистикалык борборунун курулушуна капсула салды.

“Большевик багбандар биримдиги” тарабынан салынып жаткан соода-логистикалык борбору жергиликтүү багбандардын түшүмүн сактап, экспортко чыгарууга чоң өбөлгө түзөт. Кампа 600 тонна мөмө-жемишти сактоого жөндөмдүү. Долбоордун наркы 35 млн сомду түзөт. Каражат Дүйнөлүк банктан "Арис" долбоору аркылуу 2% менен 35 млн сом насыя 7 жылдык мөөнөткө алынган.

Иш-чаранын соңунда инвесторлор үчүн зарыл шарттарды түзүү жана колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилип, бир катар чечимдер кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Бакыт Төрөбаев учурда Ош облусунда жумушчу иш сапары менен жүрөт.