Өзгөндө 186 млн сомго жаңы мектеп салынат

Аймак Загрузка... 18 Ноябрь 2025 17:19
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 18.11. 25. /Кабар/. Өзгөн районуна караштуу Кандава айылында жаңы мектептин курулушу башталды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылмакчы. Объекттин наркы 186 млн сомду түзөт.

5.jpg

Башкы план боюнча, мектеп 225 орунга ылайыкталып, үч блоктон турат.

Курулуш иштери заманбап талаптардын негизинде жүргүзүлүп, мектепте негизги окуу класстарынан тышкары китепкана, лаборатория, балдар, кыздар үчүн эмгек кабинеттери, актовый жана спорт залдар каралган.