Өзгөндө 103,9 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялоонун алдын алынды

Аймак Загрузка... 26 Август 2025 09:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 26.08.25. /Кабар/. Өзгөн районунда 103,9 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялоонун алдын алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР президентинин "Жер мунапысынын" алкагында мыйзамсыз аракеттерди аныктоо боюнча тапшырмасынын негизинде УКМК тарабынан "Жер мафиясы" атыккан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Аталган кылмыштуу топ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жасалма токтомдорунун негизинде Өзгөн районунун Кош-Коргон айылынын аймагынан жалпы аянты 103,9 гектар айыл чарба жерлерин "калктуу конуштардын жерлери" категориясына мыйзамсыз трансформациялоо боюнча аракеттенишкен.

Учурда Өзгөн районунда жер тилкелердин орточо базар баасы 1 миллиондон 3 млн сомго чейин наркты түзүүдө.

Өз убагында көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында мамлекетке болжол менен 3-4 млрд сомдук зыян келтирүүнүн алды алынды.

УКМКнын негизги багыттарынын бири кылмыштарды даярдоо мезгилинде алдын алуу жана бөгөт коюу болуп саналат.