Өзгөндө 1 гектардан ашык жер мэриянын балансына кайтарылды

Аймак Жүктөлүүдө... 31 Март 2025 10:18
WhatsApp Image 2025-03-31 at 09.41.35.jpeg
WhatsApp Image 2025-03-31 at 09.41.36.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-03-31 at 09.41.35.jpeg
WhatsApp Image 2025-03-31 at 09.41.36.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. Жалпы аянты 1,08 гектар жер тилкеси Өзгөн шаардык мэриясынын балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат мамлекеттик мүлктү кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында Өзгөн шаарынын борборунда жайгашкан жалпы аянты 1,08 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөнүн аныктады.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Өзгөн шаарынын мурдагы мэри С.А.С. тарабынан мыйзамсыз токтом чыгаргандыгы боюнча иш козголду. Ошол эле учурда соттук териштирүүдө Ош облустук соту 1,08 гектар жер тилкесин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча чечим чыгарды.

Учурда аталган жер тилкеси Өзгөн шаардык мэриясынын балансына кайтарылды.