Өзгөн шаарындагы сейил бак реконструкцияланат

Аймак 15 апрель 2026 09:55
Өзгөн шаарындагы сейил бак реконструкцияланат

Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. Өзгөн шаарындагы сейил бак реконструкцияланат. Бул тууралуу район акими Каныбек Апбасов президент Садыр Жапаровго Өзгөн районунун социалдык-экономикалык өнүгүү абалы менен тааныштырганда билдирди.

Акимдин айтымында, шаардагы Н. Азнабакиев атындагы парктын жалпы аянты 9 гектарга жетет.

Аны жаңылоо иштери шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана калктын эс алуусу үчүн шарттарды жакшыртууга маанилүү салым болот.