Өзгөн шаардык милиция бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди

Аймак Загрузка... 11 Июнь 2025 09:10
305370428.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 11.06.25. /Кабар/. Күн мурун Өзгөн шаарында шаардык милиция бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарага ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев, президенттин өкүлү Элчибек Жантаев, Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Нурланбек Бурканов, милиция кызматкерлери жана ардагерлер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө облус жетекчиси жана министрдин орун басары жаңы имараттагы кызматтык шарттар менен жеринде таанышып, милиция кызматкерлеринин иштөөсүнө бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн жана заманбап жабдуулар менен камсыздалганын баса белгилешти.

Мындан тышкары, Жантаев Өзгөн шаардык милиция бөлүмчөсүнүн жамаатына жергиликтүү бийликтин атынан 100 миң сомдук сертификатты тапшырды.

Белгилей кетсек, жаңы имарат Ички иштер министрлигине караштуу Курулуш-монтаждоо башкармалыгы тарабынан курулуп бүткөрүлдү. Үч кабаттан турган имаратта жалпы 22 бөлмө бар. Алардын катарында нөөмөт бөлүгү, кеңселер, жарандарды кабыл алуу бөлмөсү, административдик камера жана башка кызматтык жайлар орун алган. Бардык бөлмөлөр заманбап технологиялык жабдуулар менен жабдылган.

Буга чейин Өзгөн шаардык милиция бөлүмчөсүнүн өздүк курамы өздөрүнө тиешелүү имарат жок болгондуктан, Өзгөн шаарынын мэриясына караштуу имаратта убактылуу иштеп келишкен.

Бүгүнкү күндө Өзгөн шаардык милиция бөлүмчөсү Өзгөн шаары жана ага караштуу эки айыл аймагын тейлейт. Тейленүүчү калктын жалпы саны 90 миңден ашуун адамды түзөт.