Өзгөн районунда жаңы мектептин курулушу аяктоодо

Аймак Загрузка... 26 Сентябрь 2025 12:40
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 26.09.25. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районундагы Жылалды айылында 117 млн сомдук жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында турат.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланууда жана жумуштар 2022-жылы башталган.

Жаңы мектеп 275 окуучу үчүн ылайыкташтырылып, үч блоктон турат:

  • А блогу – эки кабаттуу окуу корпусу;
  • Б блогу – ашкана, китепкана жана иш-чара өтүүчү зал;
  • В блогу – заманбап спорт зал.

Маалыматта белгиленгендей, эски мектептин имараты 1972-жылы курулуп, ишке берилген.