Өзгөн прокуратурасы мектепке таандык жерди кайтарды

Аймак Загрузка... 16 Февраль 2026 17:30
633985810_1229576979361352_5332629694078129256_n.jpg
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Өзгөн прокуратурасы мектепке таандык жерди кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Өзгөн шаарындагы С. Шарипов атындагы орто мектепке таандык, жалпы аянты 289,3 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталды.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында базар баасы 5 млн 517 миң 230 сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.