Бишкек, 12.08.25. /Кабар/. Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа жолунун курулушу уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда асфальттын биринчи катмары тɵшɵлүп бүттү.
Долбоордо каралган жарыктандыруу, тротуар жана суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Жалпысынан жолдун 34 чакырымы капиталдык оңдоодон ɵтүүдɵ.
Бул долбоор ишке ашырылгандан кийин ймактагы жарандар үчүн жол каттамы жеңилдеп, экономикалык жана социалдык байланыштардын жогорулашына өбөлгө түзүлөт.
Транспорт министрлиги тарабынан курулуш иштерине дыкат кɵзɵмɵл жүргүзүлүп, сапаттуу жана өз убагында бүткөрү талабы коюлган.