Өзгөн — Мырза-Аке — Кара-Кулжа унаа жолун оңдоо иштери кандай жүрүүдө — видео

Аймак 4 июнь 2025 14:20
777.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
8766_mhZ9TR3.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
777.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
8766_mhZ9TR3.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Исхак Туратбеков

Бишкек, 04.06.25. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа унаа жолунда капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Май айынын аягында Транспорт министрлиги оңдолуп жаткан Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа унаа жолунун узундугу 34 чакырымды түзүп, иш 3 этап менен жүргүзүлөрүн билдирген.

Долбоорду 2025-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалып, сметалык баасы 2,2 миллиард сомду түзөт.

Иштин биринчи этабы Өзгөн шаарына жакын 4,5 чакырым тилкеде жүргүзүлүүдө. Бул тилке төрт тилкелүү болуп, жолдун эки тарабында тротуарлар, жашыл аймактар ​​жана ирригациялык курулуштар болот.

Быйыл Ош облусунун жол инфраструктурасын жакшыртуу үчүн өлкөнү турукташтыруу фондунан кошумча 4 миллиард сом бөлүндү. Бул каражат аймактагы Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа, Ош – Баткен – Раззаков, Ош – Кара-Суу жана Ноокат – Кызыл-Кыя сыяктуу стратегиялык маанидеги автожолдордун калган тилкелерин оңдоого жумшалат.