Бишкек, 29.08.25. /Кабар/. Жолдордун инфратүзүмүн жакшыртуу максатында Турукташтыруу фондунан Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун Ноокат – Кызыл-Кыя бөлүгүнө жана Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа унаа жолуна кошумча 4 млрд сом бөлүп берилген. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа автоунаа жолунун жана өндүрүш ишканаларынын ачылыш аземинде билдирди.
Өлкө башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө Ош – Кара-Суу жолун оңдоо колго алынганын, кийинки жылы Кара-Кулжа, Алай райондорунун жолдорун бириктирген жол каттамдарына көңүл бурулат.
“Аймактар ортосундагы байланышты ушундай жаңы деңгээлге чыгара турган мамлекеттик маанидеги ири долбоорлордун бири катары 4 айдын ичинде Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа жолу бүгүн ийгиликтүү жүзөгө ашып, расмий түрдө колдонууга берилип жатат. Бул жолдун 34 чакырымы капиталдык оңдоодон өтүп, заман талабына ылайык жол салынды. Бул долбоордун ишке ашырылышы менен Кара-Кулжа, Мырза-Аке, Өзгөн элинин ары-бери каттоосу кыйла жеңилдеп, соода-сатык жанданып, экономикалык жана социалдык байланыштарга жаңы дем берет деп ишенем”, - деди Садыр Жапаров.