Өзгөн музей-комплексинде археологиялык казуулар жүрүүдө

Маданият Загрузка... 16 Октябрь 2025 10:45

Бишкек, 16.10.25 /Кабар/. Өзгөн мамлекеттик тарыхый музей-мемориалдык комплексинде “Көөнө тарых сырлары” аттуу мамлекеттик программа боюнча археологиялык казуу иштери жүрүүдө.

Маданият министрлигинен билдиришикендей, бул иштердин негизги максаты — өлкөбүздүн бай тарыхый мурастарын илимий негизде изилдөө, табылган артефакттарды сактоо жана жалпы коомчулукка таанытуу болуп саналат.

Министрлик бул долбоорду тарых илимин өнүктүрүү, улуттук өзгөчөлүктөрдү даңазалоо жана туризмди өнүктүрүү багытында маанилүү кадам катары баалайт. Казуу иштери аяктагандан кийин табылган экспонаттар атайын реставрациядан өткөрүлүп, “Өзгөн” музей-комплексинин көргөзмө залына коюлушу пландалууда.