Өзгөчө кырдаалдар министрлигине мыйзамсыз ишке орношууга жол берилбейт – министр

Коом Загрузка... 06 Август 2025 16:41
528399765_1158631392976252_6181252849540040054_n.jpg
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине мыйзамсыз, коррупциялык көрүнүштөр менен ишке орношууга жол берилбейт, - деди министр Бообек Ажикеев.

"Кечээ Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин бири кармалганы тууралуу маалымат коомчулукка тарады. Мындай көрүнүш министрлик үчүн жат көрүнүш.

Тилекке каршы беш кол тең эмес. Министр катары белгилеп кетким келет, учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде кадрдык тандоо толугу менен ачык жана мыйзам чегинде жүргүзүлөт. Ар бир жаран эгерде билими, тажрыйбасы жана кесиби талаптарга шайкеш келсе ӨКМге ачык эле келип, ишке орношо алат. Биз муну дайыма айтып келебиз жана мындан ары да ушул принциптерди карманабыз", - деди ал.

Ошондой эле Ажикеев ӨКМде мыйзамсыз жол менен кызматка орношууга, ортомчулукка жана коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбей турганын белгиледи.

"Мындай учурлар жалпы мекеменин аброюна шек келтирбеши керек. Биздин катарда миңдеген ак ниет, ишине берилген, эл үчүн күнү-түнү кызмат кылган куткаруучулар эмгектенип жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мыйзам үстөмдүгүн толугу менен колдойт жана бардык зарыл болгон жардамды тиешелүү тергөө органдарына көрсөтүүгө даяр", - деди министр.

Белгилей кетсек, бүгүн ӨКМдин Кырсыктарга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы коррупцияга шектелип кармалганы маалым болгон.