Өзгөчө кырдаалдар министри Оштогу сел коркунучу жогору аймактарды текшерди

Аймак Загрузка... 20 Март 2025 09:40
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Оштогу сел коркунучу жогору аймактарды текшерди.

Ведостводон маалымдашкандай, министр Ош шаарында жаан-чачындын кесепетинен улам сел жүрүү коркунучу бар аймактардын абалын жеринде баалоо максатында тиешелүү жетекчилер менен биргеликте мониторинг жүргүздү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө министр Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына барып, Озгур айылындагы Тотоев көчөсүндө жайгашкан сел тосмолорунун абалын көрүп чыкты. Ал жакта сел тосмолорунун айрым бөлүктөрү ылай-баткактан толуп, тазалоо иштерин талап кылары белгилүү болду. Министр бул тосмолорду кеңейтүү жана тазалоо боюнча тиешелүү мекемелерге тапшырма берди.

Ошондой эле министр Алымбек Датка муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Подъемная көчөсүндө жайгашкан айрым курулуштарды көрүп, көйгөйлүү маселелерди белгиледи. Текшерүү маалында сел сайынын нугуна мыйзамсыз курулган турак үйлөр жана уруксаты жок салынган көпүрөлөр аныкталды. Бул факторлор сел жүргөн учурда коркунуч жаратышы мүмкүн. Жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана мыйзамсыз курулуштарды алуу боюнча тиешелүү мекемелерге тапшырма берилди.

Министрдин бул иш сапарынын негизги максаты – калктын коопсуздугун камсыз кылуу, сел коркунучун алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин азайтуу болду. Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан бул багытта ыкчам иштер жүргүзүлүп жатат.