Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Аутизм, Даун синдромуна жана церебралдык шал илдетине чалдыккан балдардын көйгөйлөрүн жана ушул жааттагы мыйзамдарда каралган алардын укуктарынын сакталышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып, кабыл алынды.
Парламенттен билдиришкендей, демилгени "Ала - Тоо" депутаттык тобу көтөрүп чыккан. Бул маселе боюнча эл өкүлү Медер Чотонов маалымат берди.
Белгилей кетсек, аталган комиссиянын курамына депутаттар Дастан Бекешев, Нилуфар Алимжанова, Медер Чотонов, Гүлнара Акимбаева, Токтобүбү Ашымбаева, Бурул Аманова, Жылдыз Садырбаева, Улукбек Карыбек уулу, Айгүл Ахмедова, Жылдыз Эгенбердиева, Махабат Мавлянова, Мавлюда Калбердиева, Рустамбек Советбек уулу кирди.