Зергерлерди колдоо: Салыктар азайып, текшерүүлөргө тыюу салынды

Экономика Загрузка... 15 Январь 2026 16:01
WhatsApp Image 2026-01-16 at 14.56.22.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 15.01.26 /Кабар/. Зергерчилик тармагындагы ишкердик субъекттери үчүн Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, бир катар салыктык жеңилдиктер берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдайт.

Өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-декабрындагы «Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамына ылайык киргизилген.

Аталган мыйзамга ылайык, зергерчилик өндүрүшү үчүн арналган жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген жабдуулар, технологиялар, реактивдер жана жарым фабрикаттар кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөдөн бошотулат.

Мындан тышкары, бул документ мурда алып келинген же өндүрүлгөн баалуу металлдардан жасалган зергер буюмдарынын калдыктарын эки айдын ичинде легалдаштырууну карайт жана легалдаштыруу мезгилинде Мамлекеттик салык кызматы тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө мораторий белгиленет.

Ошондой эле, баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарын сыноо жана аларга тиешелүү сынамыкты тастыктаган өзүнүн эн белгиси менен эн тамга басуу функциялары ата мекендик зергер өндүрүүчүлөргө ыктыярдуу негизде өткөрүлүп берилет (мамлекеттик сыноо эн белгисинен тышкары).

Мыйзамдын негизинде "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине да өзгөртүүлөр киргизилди. Тактап айтканда, зер буюмдары менен иш жүргүзүүдө атайын каттоого турбастан ишмердүүлүк жүргүзгөндүгү үчүн жоопкерчилик киргизилди (айып пул: жеке жактар үчүн – 5 000 сом, юридикалык жактар үчүн – 13 000 сом).

Белгилей кетсек, бул чаралар зергерчилик тармагын колдоого, продукциянын өздүк наркын төмөндөтүүгө, атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана өндүрүштү модернизациялоону тездетүүгө, ошондой эле заманбап технологияларды киргизүүгө жана эл аралык стандарттарга жооп берген зер буюмдарын чыгарууга шарт түзүүгө багытталган.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы мыйзамга ылайык, зер буюмдарын өндүрүүчүлөр жана сатуучулар үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 0,25 пайыз өлчөмүндө белгиленген (буга чейин 2 пайыздан 4 пайызга чейинки ставкалар колдонулуп келген).