Бишкек, 11.12.25 /Кабар/. Зергердик тармагынын өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында бирдиктүү салыктын ставкасы 0,25 пайызга чейин төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков "Жетинчи каналга" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан жыл сайын 20-25 тонна алтын өндүрөт, бирок ата мекендик зергерчилик тармагын колдоо шарттары толук калыптана элек.
"Расмий эсеп боюнча 2025-жылы ата мекендик өндүрүүчүлөр 68 миң зергер буюмун (140 кг алтын) чыгарса, импорттун көлөмү 442 миң буюмга (1500 кг алтын) жеткен — бул 10 эсе көп. Ошондуктан ата-мекендик өндүрүштү коргоо жана өнүктүрүү үчүн жаңы чаралар кабыл алынып, бирдиктүү салык ставкасы 0,25 пайызга чейин төмөндөтүлдү", — деди төраганын орун басары Кубанычбек Ысабеков.
Белгилей кетсек, жакында президент Садыр Жапаров "Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Жарлык зергерчилик жана тигүү өнөр жайын комплекстүү өнүктүрүү, чакан жана орто бизнестин субъекттерине колдоо көрсөтүү максатын көздөйт.