Ташкент, 23.04.25. /Кабар/. 2025-жылдын 1-майынан тартып Өзбекстанга жарандар жеке керектөөгө алып кирген товарлар боюнча жаңы тартиптер күчүнө кирет.
Жаңы жобого ылайык, бажы төлөмүсүз ченемдер кыйла азайтылды:
- Учак менен келгендер үчүн – 1000 доллар (мурда 2000);
- Темир жол жана суу транспорту менен – 500 доллар (мурда 1000);
- Автоунаа же жөө келгендерге – 300 доллар (мурда 500).
Ошондой эле эл аралык курьер аркылуу келген товарлар үчүн айына 200 долларлык, ал эми жөнөкөй почта аркылуу келгендерге 100 долларлык чектөө каралган.
Өлкөгө кайтып келген жарандар чет өлкөдө белгилүү убакыт болушу шарт: автоунаа же жөө – эки күн, учак менен – үч күндөн кем эмес. Бул талап аткарылбаса, товар толугу менен ашыкча деп эсептелип, 30% бажы төлөмү алынат.
Товарларды Өзбекстандан сыртка алып чыгууда болсо 5 миң долларга чейинки жүк бажы декларациясыз чыгарылат, бирок бул жеңилдик экспорттук төлөм салынган товарларга тиешеси жок.
Жаңы эрежелер мыйзамсыз товар ташууну азайтууга жана бажы көзөмөлүн күчөтүүгө багытталганы айтылууда.