Ташкент, 03.11.25. /Кабар/. 2025-жылдын январь–сентябрь айларында Өзбекстанга жалпысынан 24,9 млрд АКШ доллары өлчөмүндө чет элдик инвестициялар жана кредиттер тартылган. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистика комитети маалымдады.
Инвестициялардын түзүмүндө эң чоң үлүштү Кытай камсыз кылган — 39,9%. Андан кийинки орундарда Россия (7,8%) жана Түркия (7,7%) турат.
Ошондой эле Сауд Аравиясы (3,8%), Германия (3,5%) жана Улуу Британия (3,3%) олуттуу салым кошкон.