Ташкент, 12.09.25. /Кабар/. 2025-жылдын январь–август айларында Өзбекстанга чет өлкөлөрдөн 12,1 млрд доллар акча которулган. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук банкы маалымдады.
Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,26 млрд долларга же 23 пайызга көп.
Которуулардын негизги булагы – Россия. Бул өлкөдөн 6,4 млрд доллар келип, жалпы сумманын 78 пайызын түздү. Калган 1,8 млрд доллар Казакстан, АКШ, Түштүк Корея, Түркия, Улуу Британия, Кыргызстан жана Литвадан түшкөн.
Адистердин айтымында, чет өлкөлөрдөн келген акча миллиондогон үй-бүлөлөрдүн кирешесин колдоого өбөлгө түзүп, ички керектөөгө түз таасир этүүдө.