Бишкек, 30.09.25. /Кабар/. Өзбекстанга 8 айда 7,5 млн чет элдик турист барды. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги коңшу өлкөнүн Улуттук статистика комитеттинин маалыматына таянып жазды.
Ага ылайык, өткөн жылдын 8 айына салыштырмалуу эс алуучулардын саны 2,5 миллионго же 49,1%га жогорулады.
Туристтердин саны боюнча биринчи орунду Кыргызстан ээледи. Ага ылайык, биздин өлкөдөн 2,16 млн адам эс алууга барган. Андан ары Казакстан - 1,76 млн киши, Тажикстандан 1,69 млн адам барса, Кытай 135 миң туристи менен жетинчи орунга жайгашты.