Ташкент, 12.08.25. /Кабар/. Өзбекстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын январь–июнь айларында өлкөгө туристтик максатта болжол менен 5,3 миллион чет өлкөлүк жаран келген. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,7 миллион адамга же 48,9 пайызга көп.
Келгендердин басымдуу бөлүгүн туугандарын көрүүгө келгендер түзүп, алардын саны 3 миллион 596 миң 799 адамды түздү. Эс алуу үчүн 783 миң 696 турист келген. Кызматтык сапар менен — 594 миң 23 киши, ал эми коммерциялык максатта — 223 миң 581 киши келген. Дарылануу үчүн Өзбекстанга 48 миң 557 чет элдик жаран, окуу үчүн 9 миң 546 адам келген.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын январь–май айларында өлкөгө бардык максаттар боюнча жалпы 4,2 миллион чет өлкөлүк кирген. Алардын ичинен Кыргызстан биринчи орунду ээлеп, 1 миллион 280 миң жаран келген. Экинчи орунда — Тажикстан (993,7 миң), үчүнчү орунда — Казакстан (889,6 миң).