Өзбекстанга чет жактан акча которуулар көбөйдү

Борбор Азия Загрузка... 16 Декабрь 2025 11:15
5bb87384-9479-460d-9426-a2f50e555ddd.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент,15.12.25. /Кабар/. 2025-жылдын январь-ноябрь айларында Өзбекстанга эл аралык акча которуулар аркылуу 17,3 млрд доллар түшкөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 25 пайызга же 3,5 млрд долларга көп, деп маалымдайт өлкөнүн Борбордук банкы.

Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде эл аралык которуулар аркылуу өлкөдөн чыгарылган валюта каражаттарынын көлөмү 2,4 млрд долларды түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 157 млн долларга азайган.

Ошондой эле калк коммерциялык банктарга 19,4 млрд доллар саткан, бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 1,3 эсеге жогору. Ал эми жеке адамдар тарабынан чет өлкө валютасын сатып алуу көлөмү 10,6 млрд долларды түзүп, 25 пайызга өскөн.

Жыйынтыгында, жеке адамдар сунуштаган чет өлкө валютасы алардын суроо-талабынан 8,7 млрд долларга ашып, бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4 эсеге көбөйгөн.