Ташкент, 26.10.25. /Кабар/. Өзбекстандын Борбордук банкынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын январь–сентябрь айларында чет өлкөдөн өлкөгө келген акча которуулар өткөн жылга салыштырмалуу 24 пайызга көбөйгөн.
Тогуз айдын жыйынтыгында эл аралык акча которуулардын жалпы көлөмү 13,9 миллиард АКШ долларын түзүп, бул өткөн жылга караганда 2,7 миллиард долларга көп. Ал эми 2023-жылдагы көрсөткүч менен салыштырганда өсүш 5,5 миллиард долларды же 66 пайызды түзгөн.
Мындан тышкары, ушул мезгил ичинде Өзбекстандан чет өлкөлөргө 1,9 миллиард доллар өлчөмүндө акча которулган. Бул 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 127 миллион долларга аз.