Ташкент, 22.07.25./Кабар/. 2025-жылдын биринчи жарымында Өзбекстанга чет өлкөлөрдөн жөнөтүлгөн акча которуулар 8,2 млрд АКШ долларына жетти, деп билдирет өлкөнүн Борбордук банкы.
Маалыматка ылайык, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,8 млрд долларга же 27%га көп. Которуулардын басымдуу бөлүгү — 6,4 млрд доллар же 78% — Орусиядан келген. Калган каражаттар Казакстан, АКШ, Корея, Түркия, Улуу Британия, Кыргызстан, Литва жана башка өлкөлөрдөн түшкөн.
Акча которуулардын өсүшүнө чет өлкөлөрдөгү мигранттарга болгон суроо-талап, эмгек акылардын жогорку деңгээли жана улуттук валюталардын бекемделиши себеп болду. Айрыкча, Улуу Британиядан келген каражаттар эки эсеге көбөйгөн. Евробиримдиктен келген которуулар 41%га өстү. Алардын ичинен Ирландиядан — 2,8 эсеге, Литвадан — 79%га, Нидерланддан — 44%га, Польшадан — 20%га көбөйгөн. АКШдан келген которуулар 15%га арткан.
Ошол эле учурда Өзбекстандан чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн каражаттардын көлөмү өткөн жылдагыдай эле — 1,2 млрд доллар бойдон калды.