Ташкент, 30.10.25. /Кабар/. 2025-жылдын январь–сентябрь айларында Өзбекстанга туристтик максатта 2,4 млн Кыргызстан жараны келген. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистика комитети кабарлады.
Маалыматка ылайык, ушул мезгил аралыгында Өзбекстанга жалпы 8,6 млн чет элдик турист барган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,8 млн адамга же 49,3 пайызга көп.
Өзбекстанды эң көп зыярат кылгандар Казакстандан (2 млн киши), Тажикстандан (1,9 млн), Россиядан (757,1 миң), Афганистандан (343,6 миң), Түркмөнстандан (275 миң), Кытайдан (176,9 миң), Түркиядан (129,9 миң), Индиядан (55,8 миң), Түштүк Кореядан (35,2 миң) жана башка өлкөлөрдөн (435 миң) келген туристтер болду.