Өзбекстандын жер-жемиштерди сатуудан түшкөн кирешеси 1 млрд доллардан ашты

Борбор Азия Загрузка... 25 Август 2025 09:55
WhatsApp Image 2025-08-25 at 09.55.01.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 25.08.25. /Кабар/. 2025-жылдын январь айынан июль айына чейин Өзбекстан чет өлкөлөргө 1,3 млн тонна мөмө-жемиш жана жашылча продукциясын экспорттоп, 1 млрд доллардан ашык киреше тапты. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистика агенттиги маалымдады.

2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу экспорттун көлөмү 5,2 пайызга — 62,9 миң тоннага көбөйгөн, ал эми баалык көрсөткүч боюнча өсүш 35,2 пайызды түзгөн. Чет өлкөлөр менен болгон жалпы соода түзүмүндө мөмө-жемиш жана жашылча продукциясы 5,3 пайызды түзөт.

Чет өлкөлүк базарларда эң көп суроо-талапка ээ болгон продукциялар: кургатылган өрүк, пияз, кочкул кызылча, сабиз, помидор, черешня, өрүк, маш жана башка түрлөрү.

Адистердин болжолу боюнча, 2025-жылдын аягына чейин Өзбекстандын жемиш-жемиш жана жашылча экспорту 3,5 млрд долларга жетиши күтүлүүдө.